Жакында Өзбекстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуу процессин тездетиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Ташкенттеги элчиси Олег Малгинов “Россия 24” телеканалына берген маегинде билдирди.
«Учурда ЕАЭБ менен Өзбекстандын түзүмдөрүнүн ортосунда жумушчу топ иштеп жатат. Ал азыркы кездеги өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ЕАЭБге толук кандуу кирүү үчүн мыйзамдарды, жол-жоболорду жана башка нерселерди иштеп чыгууда», – деди дипломат.
Ошондой эле ал Өзбекстан бир эле учурда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ) да кошулуу маселесин талкуулап жатканын билдирди.
Бирок азырынча Өзбекстан ЕАЭБ менен БСУга кошулуу же кошулбоо тууралуу расмий маалымат таратыла элек.
Эске салсак, 2015-жылы түзүлгөн ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. 2018-жылдын 14-майынан баштап Молдова байкоочу өлкө болсо, 2020-жылдын 11-декабрынан тарта Өзбекстан менен Куба да расмий түрдө ЕАЭБде байкоочу болушкан.
Жыл сайын 29-майда Евразия экономикалык биримдигинин күнү белгиленет. Мындай чечимди уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери 2022-жылдын май айында Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алышкан. Бул иш-чаранын демилгечиси Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров болгон.



















