Америкалык журналист Такер Карлсон Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон маегин жарыялады, ал 2 саат 7 мүнөт 18 секундага созулат. Көптөн күткөн маек эки сааттын ичинде америкалык журналисттин платформаларында миллиондогон көрүүлөрдү топтоду.
Карлсондун Путин менен маегинин видеосу алгач америкалык журналисттин сайтында жарыяланган, кийинчерээк ал аны X социалдык тармагындагы аккаунтуна жана YouTube каналына жайгаштырган.
Карлсон буга чейин Путин менен болгон маек абдан маанилүү экенин, анткени америкалыктар Россия менен Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу эч кандай түшүнүгү жок экенин баса белгилеген.
Сүйлөшүү узак жана ачык-айкын болду. Путиндин америкалык журналистке эмнелерди айтканын видеодон көрүңүз.

















