Бүгүн, 29-январда Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 28 унаа тапшырылды.
Ведомстводон билдиришкендей, аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана ИИМдин жетекчиси жана өздүк курамы катышты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Акылбек Жапаров баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү укук коргоо органдарынын гана эмес, жалпы коомчулуктун милдети экенин белгиледи.
“Баңги заттардын бардык түрлөрү адамдын ден соолугуна орду толгус зыян келтирет. Алар адамдын өмүрүн жана үй-бүлөсүн алып, коомдун коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат. Ал менен күрөшүүдө коомдун кайдыгер эместиги маанилүү, ар бир адам баңги заттын зыяндуулугу тууралуу маалыматты жайылтууга салым кошо алат”, – деди Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган РФ Өкмөтүнө ыраазычылык билдирүү менен, берилген жардамдын аркасында Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин потенциалы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулаарын кошумчалады.



















