Өзбекстандын президентинин КЭРге иш сапары 23-25-январга пландаштырылган.
Үстүбүздөгү жылдын 23-25-январь күндөрү Шавкат Мирзиёев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга мамлекеттик иш сапар менен барат.
Өзбек лидеринин Пекинге баруусунун программасынын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жана бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын пресс-кызматы билдирди.
Иш чаралардын күн тартибине өзбек-кытай мамилелерин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк багытында мындан ары да чыңдоо жана толук масшиабдуу практикалык кызматташтыкты кеңейтүү киргизилген.
Ш. Мирзиёев ошондой эле Кытайдын бир аймагында болуп, алдыңкы кытай компанияларынын жана банктык-каржылык институттардын жетекчилери менен жолугушат.

















