Нарын облусунун Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды кар көчкү басып калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кечээ, 16-январда саат 17.00дөр чамасында Нарын облусунун Нарын районунда Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшкөн.
Мындан сырткары кыштоого каттоочу жолу да жабылган.
Жерине Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл өкмөттүн 5 кызматкери, 1 жүктөгүч, 1 ГАЗ-66 жана жергиликтүү тургундардан 75 адам тартылган. Жол тазалоо айыл аймагына жүктөлгөн.
Табигый кубулушутун кесепетинен жабыркагандар жок.
ӨКМ 16-январдан 18-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда, Мырзаке –Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука –Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында, Каракол – Эңилчек жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскертет.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.



















