2023-жылы Өзбекстан менен Афганистандын ортосундагы товар жүгүртүү алты эсе жогорулады. Бул тууралуу Афганистандын өнөржай жана соода министрлиги (MoIC) билдиргендигин Tolonews сайты кабарлады.
MoICтин өкүлү Абдула Ахунзаданын айтуусунда, Афганистан менен Өзбекстандын соода көлөмү $266 млн.го чейин жогорулаган. Бул көрсөткүч 2022-жылы $44 млн болгон. Ал эми Өзбекстандан өткөн жылы кошуна мамлекетке $239 млн суммасында товар экспорттолуп, импорт $27 млн болгон.
«Биздин экспорттун көп бөлүгү — бул кургак жемиштер, суусундук, шире, өрүк, кунжут, килем. Өзбекстандан биз негизинен электр энергиясын, ун, , химиялык жер семирткичтерди, мунай жана газ импорттодук», — деди Ахунзада.
Бирок Өзбекстандын маалыматтары башкача. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Афганистан менен товар жүгүртүү $784 млн түзгөн. Анын ичинде экспорт — $774,6 млн, импорт — $9,5 млн.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү $759,9 млн болгон.
2023-жылдын жыйынтыгын Өзбекстандын статистика агенттиги жарыялай элек.
Октябрда талибдердин өнөржай жана соода министри Нуруддин Азизи Өзбекстан менен товар жүгүртүүнү $600 млн.дон $3 млрд.га чейин жогорулатуу планы бар экендигин билдирген.


















