Бүгүн, 12-январда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча комиссиялардын төрагалары – КРнын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов жолугушту.
Тараптар эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркация иштери тууралуу сүйлөшүп, С. Ятимов чек аралар такталса, кылымдар боюу ынтымакта жашап келаткан эки элдин карым-катнашы мындан ары да улана тургандыгын билдирди.
Конокту кабыл алган К. Ташиев алгач сөз сүйлөп: “Урматтуу Саймумин Сатарович, биздин кыргыз жерибизге кош келипсиз. Биз Сиздин келишиңизди өтө күтүп жатканбыз. Биз жалпы аракетибиз менен биздин өлкөлөрдүн мамлекеттик чек араларын аныктоо боюнча жалпы ишибизди алдыга жылдырабыз деп үмүттөнөбүз”,- деди.
Ал эми С. Ятимов буларга токтолду: “Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Сизге чоң рахмат. Мен дагы биздин мамлекет башчыларыбыз тапшырган миссияны аткаруу үчүн келдим. Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды алганбыз. Калган аймактарды эки элдин кызыкчылыгы үчүн чечип, натыйжада кылымдар боюу биздин элибиздин кызыкчылыгы, коопсуздугу үчүн кызмат кылат деп ишенем”.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы эле башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.
К. Ташиев менен С. Ятимовдун өткөн жылдын 1-декабрында Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында жолугушуусунда эки өлкөнүн чек арасы 90%дан ашыгы такталгандыгы маалымдалган.
Адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдардан кийин Кыргызстан 2021-жылы май айында Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.



















