Казакстандын Сейсмология институтунун жана Алматы шаарынын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин өкүлдөрү жакынкы күндөрү катуу жер титирөө болору тууралуу маалыматтарга байланыштуу билдирүү жасашты. Бул тууралуу Tengrinews.kz. маалымат агенттигинин кабарчысы маалымдады.
Түз байланышта эксперттер алматылыктарды тынчсыздандырган суроолорго жооп беришти.
“Биздин илимий борбордо дайыма изилдөөлөр жүргүзүлөт. Демейде биз жер кыртышынын 200гө жакын параметрлерин изилдейбиз жана ага карап тыянак чыгарабыз. Божомол жүргүзүүчү комиссиянын алдыдагы жумага карата – 1-январдан 17-январга чейинки аралыкка кыска мөөнөтүү тыянагына ылайык Алмата прогностикалык полигонунда 5,5 магнитудагы кыйратуучу жер титирөө күтүлбөйт. 2024-жылга карата орто мөөнөтүү божомол январдын аягында даяр болот. Биз тыянакты маалыматтар базасынан алып жасайбыз, биздин ведомстводо он лаборатория иштейт. 1998-жылдан бери Алматы шаары боюнча божомолдор туура чыгууда. Андыктан жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөнү жана алдын ала сактануу чараларын билип алууга чакырабыз”,- деди ӨКМдин Улуттук сейсмологиялык байкоо жүргүзүү жана изилдөөлөр институтунун илимий борборунун начальнигинин орун басары Нурсарсен Узбеков.
Мындан тышкары сейсмологдор блогерлердин билдирүүлөрүнүн эч кандай илимий негизи жок экендигин билдиришүүдө.
“Ооба, илимий борбордун божомолдору далилденүүдө. Өткөн жылы да биз 2023-жылга карата божомол комиссиясынын тыянаган жасаганбыз, ага ылайык, күчүү 5,5 магнитудага жеткен талкалоочу жер титирөө болгон эмес. Өзүңүздөр көрүп тургандай, биздин божомол туура чыккан. Азыр социальдык тармактарда 15-январда Алматыда каттуу жер титирөө болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалымат таратылууда. Блогерлер мындай алын ала маалыматты кантип жасашкандыгы түшүнүксүз. Себеби аларда кандайдыр-бир божомол жасоого атайын жабдыгы жана техникасы жок. Ошондуктан биз алардын билдирүүлөрү негизсиз деп эсептейбиз. Мындай маалыматка көңүл бурбаш керек. Дүрбөлөңгө түшүүнүн себеби жок”, – деди Нурсарсен Узбеков.



















