Акыркы эки күндө Түркиянын батыш тарабында эки ири жер титирөө катталды. Акыркысы — Балыкесир провинциясында болгонун РИА Новости агенттиги жазды.
«Жер титирөөнүн магнитудасы 6,1 болду, эпицентри Балыкесир провинциясынын Сындыргы шаарынын аймагында жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу 5,9 чакырым тереңдикте болгон», — деп билдиришти Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу башкармалыгынын сейсмологдору.
Маалыматка караганда, жердин силкинүүсү Стамбулдун батыш тарабында 30 секундга чейин сезилген. Батирлерде люстралар термелип, терезелер дирилдеген.
Ошондой эле белгилүү болгондой, смартфондогу тиркемелер жер титирөөнүн алдында болгону бир нече секунд мурда эскертүү жөнөткөн.
Кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Бирок расмий маалыматтарга ылайык, Балыкесирде үч үй жана бир дүкөн урап түшкөн.
Мунун алдында дагы Түркияда жер титирөө болгон. Ал да Стамбулдун батыш тарабында 20–30 секундга чейин сезилген.
Расмий маалыматтар боюнча, мурунку жер титирөөнүн магнитудасы 3,7 болгон, эпицентри Кара деңизде, Стамбул аэропортуна жакын жайгашкан. Очогу 13 чакырым тереңдикте болгон.
Бир нече жума мурда Филиппиндерде да күчтүү жер титирөө катталып, цунами коркунучу жарыяланган.


















