Шавкат Мирзиёев айыл чарбасында сууну сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар менен таанышты.
Бейшемби күнү болуп өткөн жыйында төмөнкү звенодогу суу ресурстарын башкаруу системасын жакшыртуу жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды, деп билдирди мамлекет башчынын пресс-кызматы.
Райондук ирригациялык бөлүмдөрдүн жана тиешелүү кызматтардын базасында “Суу жеткирип берүү кызматтары” («Сув етказиб бериш хизматлари») деп аталган мамлекеттик мекемелерди түзүү пландаштырылууда. Аталган кызматтар экскаватор жана башка техникалар менен камсыздалып, сугат тармактарын тейлөөнү эки эсе арзандатат.
Мындан тышкары баардык сугат тармактарын инвентаризациялоо, аларды ээлерине бекитип берүү жана бирдиктүү идентификациялык номерлерди иштеп чыгуу каралууда.
Мамлекет башчы баса белгилегендей, көпчүлүк адамдардын аң-сезиминде калыптанып калган суу бекер деген түшүнүктү өзгөртүүгө мезгил келип жетти. Буга байланыштуу суу колдонуучулар менен дифференцияланган принцип боюнча эсептешүүнү жүргүзүүнү уюштуруу сунушталды.
Атап айтканда, 2025-жылдан баштап фермерлерге суу өлчөгүчтөрдү орнотуп, аларды сууну үнөмдөй турган технологиялар менен камсыз кылып, ошол эле учурда салыкты төмөндөтүп, ал эми мындай жабдыктары жокторго тескерисинче жогорку коэффициентти коюу пландаштырылууда. Ошондой эле сууну жеткирип бергендиги үчүн акы төлөө жокко чыгарылат.
Мындан тышкары сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү сунуштагандарга жеңилдетилген кредит берүү белгиленди. Мисалы, мындай кредиттер эки жылдык жеңилдетилген мезгил менен 5 жылдык мөөнөткө 14%дык чен менен берилет. Каракалпакстан Республикасындагы жана Хорезм облусундагы долбоорлор үчүн кредиттин чени 10%ды түзөт. Кредиттин бул түрүн алган фермерлер үчүн мүлкү барымтага коюлбайт. Ошондой эле кредитти онлайн режиминде алуу да каралууда.
Сууну үнөмдөөчү система киргизилген ар бир гектарга субсидия төлөө боюнча шартты да жеңилдетүү пландаштырылууда. Субсидия толугу менен технология орнотулган жылы төлөнүп берилет.
Мамлекет башчы мындай сунуштарды колдоду жана ар бир акыркы керектөөчүгө системанын жеткиликтүү болушу, сууну үнөмдөө боюнча масштабды кеңейтүү боюнча тапшырма берди.


















