Президент Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Эбрахим Раисиге Керман шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
«Керман шаарында болгон террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт.
Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм», – деп айтылат телеграммада.
Ирандын Керман шаарындагы кош жардыруу 3-январь күнү Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы генерал Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда болду.
Окуяда 84 киши набыт болуп, 284 киши жараат алды. 3-январда каза болгондордун саны 100дөн ашканы маалымдалып, тактоо иштеринен кийин бул сан азайды. “Tasnim News” агенттиги маалымдагандай, эки сумкага салынган жардыруучу каражат Сулеймани коюлган көрүстөнгө жакын жерге коюлуп, аралыктан жардырылган деп божомолдолууда.
Иран бийлиги окуяны теракт катары мүнөздөдү. Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи кол салуунун уюштуруучуларына жана аны аткаргандарга катуу жооп кайтарып, өзүнө жараша жаза берерин убадалады.
4-январь өлкө боюнча аза күтүү күнү деп жарыяланды.



















