Чүй облусунун Ысык-Ата райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунда бүгүн салмагы 6,5 кг болгон “баатыр” бала төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ымыркай кесарева жолу менен жарык дүйнөгө келген.
Ымыркайдын апасы 35 жашта, бул анын бешинчи төрөтү.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келген.
Маалыматка ылайык, алардын 143 – эркек, 133 – кыз. Эгиздер Ош облусунда жарык дүйнөгө келген. 15 эне кесарево жолу менен төрөгөн.
“Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө биринчи болуп төрөлгөндөр (00:00) – 3,520 кг салмактагы кыз, бою 49 см. Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлик практика борборунда – 4,050 кг салмактагы кыз, бою – 59 см. Чүй районунун Кемин ЖДПБДА – 3,015 кг салмактагы эркек бала, бою – 51 см. Жалал-Абад бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө – 3,650 кг салмактагы кыз, бою – 52 см”, — деп айтылат маалыматта.



















