Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Жогорку Рада аялдарды мобилизациялоо боюнча мыйзамды кабыл алса, ага кол койбой турганын убада кылды. Бул тууралуу ал жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.
“Мен аялдардын аскерге чакырылышына кол койбойм”, – деди Зеленский аялдарды мобилизациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол коёбу? деген суроого.
Ошол эле учурда ал мобилизациялык куракты 27 жаштан 25 жашка чейин төмөндөтүү демилгесин “бардык аргументтер келтирилсе” ага макул боло аларын билдирди. Учурда Украинада 27 жаштан баштап мобилизацияланат.
Учурда Украинанын Жогорку Радасы аялдарды аскерге чакыруу мүмкүнчүлүгүн караган мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Документ тууралуу 18-декабрда «Слуга народа» партиясынан Раданын депутаты Марьяна Безуглая соцтармактагы баракчасынан билдирген.
“Аскердик каттоодо турган аялдар аскердик кызматка чакырылышы же согуш мезгилинде мамлекеттин коргонуусун камсыз кылуу боюнча иштерди аткарууга тартылышы мүмкүн”, – деп жазган ал. Ошол эле учурда ал аялдар «майданга» өз ыктыяры менен барышы керектигин баса белгилеген.
Украин президенти маалымат жыйынында ошондой эле аскер кызматкерлери кошумча 450-500 миң адамды мобилизациялоону сунушташканын билдирди.
Киев режиминин башчысы бул чечимди азырынча беките электигин, анткени алгач мобилизациялангандарды камсыздоо үчүн каражатты кайдан алууну түшүнүү, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн катарына чакырылгандардын эмгек өргүү маселесин чечүү керектигин айтты. Ошондой эле аскерлерди демобилизациялоо маселеси дагы иштелип чыга элек. Ал бул чечимди колдоо үчүн дагы аргументтер керектигин айткан.



















