Кыргыз элинин канына сиңген аш-той, мусулманчылыктын беш парзынын бири болгон ажылык сапар кандай өтүш керек? Колунда бар адамдар ала тоодой эт, ала көлдөй чык тартып, ысырапкорчулукка жол бере берсе болобу же бул башкаларга терс таасир тийгизеби? Бул суроолорго диний эксперт Нуриет Абдулазиз соц. тармактагы өзүнүн баракчасында өз оюн төмөндөгүдөй билдирген:
– Коомчулукта “Адам болуш аста-аста, ажы болуш бир паста” деген сүрөттөр каттуу талкуу жаратып жатат.
Кээ бир жарма-патриот мусулмандар дароо оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, “дин душмандарын” сөгүп-кагып, “үчүнчү күчтөрдү” жана “НПО,масон, жөөттөрдүн агенттерин” каргап-шилеп мусулмандарды коргомуш болуп аткансыйт. Актангандын кереги жок, ар бир абалдан сабак алып, кээ бир учурда кемчиликти мойундаш керек. Соңку 30 жылдан бери дин эркиндигине жеткенибиз менен интеллектуалдык деңгээлибиз жылдан жылга төмөндөп баратканы чындык. Ибадат кылуу аң-сезимдүү адамдарга милдет, демек ибадатты да акыл-эс менен кылыш керек. “Ибадат” кылып жатам деп эле оолугуп, башка биз байкабаган майда, бирок абдан маанилүү ибадаттарды көзгө илбей жатабыз. Ибадаттардын эң күзүрү-Жараткан берген адамдык касийетти сактап калуу.
Ажылык сапар «масар электроник» порталы аркылуу жүргүзүлөт
Сүрөттөгү эки абал быйылкы Курман Айтка байланыштуу. Ыйык жерге баргандан мурун элементардык деңгээлде адамдык аң-сезимден үлүшүн албай калганбы, кыскасы шайтанга таш аткан кээ бир “ажыкелердин” таштандыга болгон мамилесин көрүп, ажылыгы канчалык деңгээлде кабыл болгону деле маалым болду окшойт. Ажылык-улуу ибадат жана шайтанга таш атуу ритуалынын өзөгүндө жан дүйнөбүздөгү шайтанга таш ыргытып, ошол жерде дал ошол ички шайтаныбызды тизелетип келүү максаты бар эле. Бирөөнүн кайсыл бир ибадатын, анын ичинде ажылыгынын кабыл болгону же кабыл болбой калганы гайып нерсе негизи, бирок илгерки уламалардан калган бир акыйкат бар.
Эгер ажылыкка (умра) барган, беш убак намазын тургузган, жоолукка кирген адамдын мурунку жашоосу менен учуру түп тамыры менен 180 градус жакшы тарапка өзгөрүп, такыр башка адамга айланса, анда буйурса анын ибадаты кабыл болуп жатат. А бирок намаз окуп, сакал койгону менен, жоолук салынып, орозо тутуп, ажылыкка же умрага барганы менен адеп-ахлагы, тазалыгы, адам акысы маселесиндеги мамилеси өзгөрбөсө, анда ибадатынын кабыл болуусунда шек бар. Мечиттеги минбарлардан ушуну Бек Борбийевтин “Тазасы барбысындай” эле кайталаш керек болуп калды, урматтуулар. Ибадаттан мурун мамиле деген эреже динибизде деле бар. Оболу ар бир мусулман Жараткан жана Анын макулуктары менен мамиле кылганды үйрөнүшү керек. Макулук дегенде адамдар, жаныбарлар жана айлана -чөйрөнү эске алып жатамын.
Ыйык жерлерде миллиондогон ажылар өз ибадаты менен алек болгон учурунда, көптөгөн Бишкек шаарынын жарандары курмандыктарын чалып, ичеге-кардын БЧКдагы сууга ыргытып жатышканын тастыктаган видео тасмалар укмуш тарады. Өзгөчө Ала-Арча суу сактагычынын жанына күндүн ысыгынан бузулуп, карайып кеткен ичеге-карын, баш, туйак жана терилерди үйүп төгүп кеткен абалга биринчи кезекте мусулмандардын үн катпаганы таң калтырды. Бул биз үчүн кадимки эле бир көрүнүш сымал кабыл алынып жатканы кооптондуруп жатат.
Биз үчүн учурда күнөө десе Муса пайгамбарга (ага Алланын саламы болсун) түшкөн он эреже эле болуп калды окшойт. Бирок жадагалса ошол он эреженин биринчиси болгон “Өлтүрбө, өмүр бер, жашат!” деген осуйатына каршы иш кылып жаткандыгыбызды байкап жатабызбы?! Ар бир мусулман таштанды таштоо бир адамды өлтүрүүгө тете деп билиши керек. Сен таштаган ичеге-карын сууну булгап, жүздөгөн адамдын инфексийалык оорусуна себебчи болуп, ондогон адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Ошол эле сууну ичип мал-жаныбыз жана эгин-тигинибиз ууланып жатат.
Бул түзмө-түз каатчылык, кымбатчылык жана ачарчылыкка алып келиши анык. Жадагалса ата-бабабыз да жаратылышка айар мамиле жасап, артынан таштанды калтырган эмес. Баш-айагын куйкалап шорпосун ичкен, ичек-кардын артып тазалап кууруп жеген, терисин ашатып көлдөлөң, бостек кылган улуу элдин балдары жалкоо болуп калдык. Курман Айт күнү баш (калла), ичеге-карын берсең эч ким албайт. Жарды дегениң да дайар оокатка көнгөн. Сулп эт жегиси келет тимеле, мечит алдында каптап чогултуп, бири-бири менен эт талашат. Курмандык сойууну гана ойлонбостон, чыныгы муктаж үй-бүлөлөргө ысырапсыз жеткирип берүүнү да колгоо алууну сунуштайт элем, кадырлуу колунда бар мусулмандар жана кайрымдуулук фонддору.
“Бизде тазалык эң төмөнкү тепкич, мактанган Европа биздин биринчи тепкичибизге эми жетти” деп мактанганыбыз менен таштанды маселесин чече албай, биз деле ошол биринчи тепкичтен өйдө көтөрүлө албай жатабыз. Улуу сөздөрдү сүйлөп, үммөттүн камын ойломуш болуп өзүнчө эле кайгырып алган, жолуккан жерде кызыл чеке болуп Махдинин келүүсүн талашып же жаңы мүптүнү шайлаганың менен, жөнөкөй эле таштанды маселесинде билинип калат сен экөөбүздүн мусулманчылыгыбыз. Эң өкүндүргөнү ушул жашыл долбоорлор (зеленая повестка) б.а. экологийа маселеси менен бир да мусулман фонду (коомчулугу, бирикмеси, жамааты) алектенбейт. Же суунун таңкыстыгы, абанын булганышы, аба-ырайынын кескин ысып жаткандыгы, мөңгүлөрдүн эриши, бак-дарактардын кургап жатышы, азык-түлүк жетишсиздиги жума сайын мечитте дуба кылсак эле чечилип калат деп ойлойбузбу?!
Көпчүлүгү байкашымча ушул эле ой менен жашап жүрөт. Бирок жаңылышат, анткени Жараткан бизге тең салмактуу бир ааламды белекке берген. Анын тең салмактуулугун бузуп алып, кайрадан дуба кылуу менен оңдоп алам деген түшүнүк жомокчунун кыйалы. Албетте, дуба кылуу керек, бирок иш, жумуш, аракет ,кыймыл жана амалдан кийин. Себеби Ислам дини динамикалык дин экендигин унутуп, биз аны христиандар сымал статикалык, айалдык мүнөзгө ээ болгон, сарттык, дүнүйө парастык жана ритуалдык гана кыймыл-аракеттер менен түшүнүктөргө толгон бир ишенимге айлантып жатабыз. Башкача айтканда диндин ичинде ишеним камтылат, бирок ар бир эле ишеним дин боло албайт.
Жамы мусулмандар Ислам динин үйрөнүп, Ислам дини менен жашамайынча, Ислам ишеними аларга толук кандуу бактылуулугун камсыз кылбайт. “Башталат баары майдадан” демекчи, тазалык -Ыймандын жарымы экенин унутпасак. Жана тазалык дегенде бир эле өзүң сылаң-короз болуп жасанып, даарат алып жүргөнүң эмес, үй-жайың, корооң, көчө жана айылың, аң-сезим жана амалдарың, ишеним жана мамилеңдин да тазалыгы эске алынат. Мусулман болуш оңой-олтоң иш эмес. Оболу адам бололу, Чыкем айтмакчы күн сайын адам бололу. Адам болуш аста-аста, ажы болуш бир паста!
Урматым менен Нуриет Абдулазиз.



















