Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылы тышкы карызга 360 млн доллар төлөнгөнүн билдирип, мамлекеттик казынадагы акчаны үнөмдөө зарылдыгын эскертти.
“Быйыл 360 млн доллар гана төлөдүк. Келерки жылы 470 млн долларды нак төлөп беришибиз керек. 2025-жылы 532 млн доллар төлөөгө тийишпиз. Ал жакта да чыгашаларыбыз өсүп жатат. Алыбыздан келишинче берип жатабыз. Бизде 212 миң жакыр үй-бүлө бар. Жетим-жесир, колунда жокторго каралашууга даярбыз” – деди Төрага.
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 30-сентябрга карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын көлөмү 5 млрд 987 млн долларга жетти. Мунун 4 млрд 486 млн доллары тышкы карыз, 1,5 млрд доллары ички карыз. Кыргызстандын карызынын көп бөлүгү, 1 млрд 734,58 млн доллар Кытайга тиешелүү.

















