26-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү
Алсак, депутат Таалайбек Сарыбашов Ош шаарындагы Туран аймактык башкармалыгына караштуу Дача участкасында жайгашкан жаңы түзүлгөн калктуу конуштарга тиешелүү шарттарды түзүп берүү маселесин ортого салды. Мунун менен катар эл өкүлү «Яндекс» таксидеги жол кире кымбаттаганына көңүл буруп, таксисттердин тапкан кирешесинин 20%ын компания алып жатканын айтып, бул кызматка карата жүргүзүлүп жаткан салык саясатын кайра карап чыгууну сунуштады.
Ал эми депутат Алишер Козуев Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн социалдык инфратүзүмүн өнүктүрүү маселелери тууралуу маалымат берсе, эл өкүлдөрү Жылдыз Таалайбек кызы жана Жылдыз Садырбаева Нарын облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу сөз кылып, медициналык кадрлардын жана керектүү жабдуулардын жетишсиздигинен улам аймактарга мобилдик клиникаларды жөнөтүүнү сунушташты. Мындан тышкары, айым депутаттар аймактык мектептерди жана ооруканаларды психологдор, дефектологдор жана башка атайын адистер менен камсыз кылуу зарылдыгын кошумчалашты.
Өз кезегинде депутат Жалолидин Нурбаев дыйкандар пахтанын баасы өтө арзандап кеткенине нааразы болгонун айтып, өкмөттү пахтанын баасын жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө чакырды. Эл өкүлү Айгүл Айдарова Лейлек районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу керектигин белгилесе, депутат Замирбек Мамасадыков Достук айыл өкмөтүнүн жашоочулары Кыргызстан менен чектеш аймакта өзбек тарап курган таштандыларды кайра иштетүүчү заводдон чыккан жагымсыз жыттарга нааразы болуп жатканын билдирди.




















