“Аль-Умма” коомдук кайрымдуулук фонду зулумдуктан жабыр тарткан Палестина үчүн каражат чогулта баштады.
Бул тууралуу “Умма” ислам журналынын редактору Элиана-Марьям Сатарова кыргызстандыктарга жасаган видеокайрылуусунда билдирди.
““Аль-Умма” бүгүнтөн тартып, Палестина үчүн каражат чогулта баштайт. Жардамдын чоң-кичинеси маанилүү эмес. Бул жарыяны башкаларга бөлүшүү менен да жакшылыкка салым кошо аласыз. Биздин расмий өнөктөшүбүз – Газа тилкесине 2014-жылдан бери гуманитардык жардам көрсөтүп келе жаткан аккредитациядан өткөн ишенимдүү “Газага жардам” түрк фонду. Учурда бул фонддун кызматкерлери чыр-чатактын очогу Газада иштеп, бир туугандарыбызга жардам көрсөтүп жатышат”, – деди Сатарова.
Анын айтымында, чогулган жардам кыргыз элинин атынан палестиналыктарга жеткирилет.
Реквизиттер:
- О деньги 0703302080 A.K
- оптима 4169585349744937 S.K
- Эльсом 0707200093 К.А
- Мбанк +996 700 117 738
Маалымат үчүн байланыш телефону: 0707200093
Кымбаттуу достор, мекендештер! Зулумдуктан жабыр тарткан Палестина үчүн каражат чогулта баштадык.Реквизиттер:О деньги 0703302080 A.K оптима 4169585349744937 S.K Эльсом 0707200093 К.А Мбанк +996 700 117 738Маалымат үчүн байланыш телефону: 0707200093“Аль-Умма” бүгүнтөн тартып, Палестина үчүн каражат чогулта баштайт. Жардамдын чоң-кичинеси маанилүү эмес. Бул жарыяны башкаларга бөлүшүү менен да жакшылыкка салым кошо аласыз. Биздин расмий өнөктөшүбүз – Газа тилкесине 2014-жылдан бери гуманитардык жардам көрсөтүп келе жаткан аккредитациядан өткөн ишенимдүү “Газага жардам” түрк фонду. Учурда бул фонддун кызматкерлери чыр-чатактын очогу Газада иштеп, бир туугандарыбызга жардам көрсөтүп жатышат. Чогулган жардам кыргыз элинин атынан палестиналыктарга жеткирилмекчи.
Опубликовано «Умма» ислам журналы Вторник, 24 октября 2023 г.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС Израилге каршы операция баштап, ракеталык чабуул жасагандан кийин жана Израиль ХАМАСка жооп ирээтинде “Темир кылыч” операциясын баштап, Газадагы объекттерге анын ичинде жарандык объекттерге абадан сокку ура баштагандан бери кескин курчуду.
Израиль Газа тилкесин толук блокадага алып, электр жарыгы, суу, азык-түлүк жана күйүүчү май өткөрүүнү токтоткон. Бирок 21-октябрдан бери Газа тилкесине Египеттин аймагы аркылуу гумжардамдын үч партиясы жеткирилди. БУУнун маалыматы боюнча, Газанын негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн күн сайын 100дөй жүк ташуучу унаа кирип туруш керек.
Учурда Израиль Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүп, палестиналык бир миллиондон ашык жай тургундарга Газанын түштүк тарабына эвакуацияланууга чакырууда.
Жаңжал курчугандан бери Газада каза болгондордун саны 5 миңден ашып, 15 миңден ашууну жараат алды. Акыркы 17 күндө Израилдин аткылоосунан кеминде 2000 бала, Иордан дарыясынын батыш жээгинде 27 бала каза болгонун «Save the Children» эл аралык кайрымдуулук уюму билдирди.
Израилде, жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам каза болгон.
















