“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын автопаркы заманбап жана ыңгайлуу автобустар менен толукталууда.
Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытайдын “Golden Dragon” заводунан кезектеги 58 жаңы автобус келди. Автобус 85 адамды ташууга ылайыкталган, анда 29 орундук жайгаштырылып, 2 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган.
Жаңы ыңгайлуу автобустар аз мобилдүү жарандар үчүн да, калган бардык жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу жүрүүнү камсыздайт. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган, бул сапар учурунда коопсуздук деңгээлин жогорулатат.
Мындан тышкары, жаңы автобустар контактсыз акы төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган, бул төлөм процессин жеңилдетет жана жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөйт.
Мэрия жарандардан айдоочуга берген акча каражаты шаардык бюджетке түшпөй каларын айтып, жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү суранды.
Белгилей кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө боло:
– Үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
– Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
– Виртуалдуу NFC картасы;
– Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;
– Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.























