Бүгүн, 20-июль эртең менен Ирактын борбор шаары Багдадда жүздөгөн демонстранттар Швециянын элчилигине бастырып кирип, өрттөштү. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери жабыркаган эмес. Демонстрация Швецияда күтүлүп жаткан Курандын өрттөлүшүн утурлай өттү.
Буга чейин Швеция полициясы бул акцияны Стокгольмдогу Ирак элчилигинин алдында өткөрүүгө уруксат бергени маалымдалган.
Швециянын ТИМи элчиликке кол салууну Вена конвенциясын бузуу деп атады
Швециянын Тышкы иштер министрлиги Багдаддагы элчиликке кол салууну 1961-жылдагы дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясын одоно бузуу деп атады.
“Ирак бийлиги дипломатиялык миссияларды жана персоналды коргоого жооптуу”, – деп айтылат Швециянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматын билдирүүсүндө.
Ведомство элчиликтин бардык кызматкерлери коопсуз жерде экенин жана министрлик алар менен үзгүлтүксүз байланышта экенин билдирди.
Ирак ТИМинин айыптоосу
Ошол эле учурда араб өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги элчиликтин өрттөлүшүн айыптады.
Ведомство өлкө бийлиги күч органдарына ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, окуянын чоо-жайын аныктоо жана күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырганын билдирди.
Эске салсак, 28-июнда Курман айтта ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин өрттөгөн. Анын бул жоругу дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө нааразы пикирлерди жараткан.
Ирак бийлиги Швециядан Куранды өрттөгөн иммигрантты өткөрүп берүүнү суранган. Бир нече ирактык Швециянын Багдаддагы элчилигинин жанына чогулуп, нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.



















