Газа тилкесинде кыштын келиши менен гуманитардык кырдаал дагы да оорлошуп, жер которууга аргасыз болгон палестиналыктар баш калкалоочу жайсыз, сууктан жана нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда.
Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын басма сөз катчысы аймактагы абалдын начарлап баратканына тынчсыздануусун билдирип, өзгөчө балдардын өмүрүнө коркунуч жаралганын эскертти.
Анын айтымында, жарыяланган сүрөттөрдө Газа тилкесиндеги жер которгон үй-бүлөлөрдүн чатырларын жамгыр суусу каптап, айрымдары толугу менен суу астында калганы көрүнүп турат. Мындай шартта жашап жаткан көптөгөн тургундарда жаан-чачындан, сууктан жана башка кооптуу жагдайлардан коргой турган коопсуз баш калкалоочу жай да жок.
Федерациянын өкүлү Газа элинин катуу суукта тартып жаткан азабына токтолуп, балдарына бир жууркан, баш калкалоочу жай же коопсуз орун таап бере албаган атанын абалын элестетүү да мүмкүн эместигин белгиледи. Ал аймактагы адамдардын жашоо шартын тез арада жакшыртуу зарылдыгын айтып, гуманитардык кырдаалды жөнгө салууга чакырды.
Ошондой эле ал ымыркайлардын дене табынын кескин төмөндөшүнөн улам каза болгон учурлар катталганын билдирип, балдар учурдагы кризистин кесепеттерине эң көп кабылган аялуу катмар экенин баса белгиледи.
Анын белгилешинче, бул балдардын көбү акыркы жылдары билим алуу жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнөн да ажыраган.
Мындан тышкары, Эл аралык Кызыл Чырым комитети Газа тилкесиндеги баш калкалоочу жайлардын жетишсиздиги жана инфраструктуранын оор абалы боюнча өзүнчө билдирүү таратып, кризистин тереңдеп баратканына эскертти.
Комитеттин маалыматына караганда, курулуш материалдарын Газа тилкесине киргизүүгө коюлган чектөөлөрдүн уланып жатышы жергиликтүү калк үчүн коопсуз, санитардык талаптарга жооп берген жана адамдык кадыр-баркка ылайык жашоо шарттарын камсыз кылууну өтө кыйындатып жатат.
Эл аралык уюмдар аймактагы гуманитардык кырдаалдын мындан ары начарлашы, айрыкча кышкы суук, нөшөрлөгөн жаан-чачын жана баш калкалоочу жайлардын жоктугу балдардын жана башка аялуу топтордун өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратарын эскертишүүдө.



















