АКШнын аракеттери Ирандын коргонуу доктринасын кайра карап чыгууга жана өзгөртүүгө алып келет.
Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы Ахмад Вахиди билдирди.
«Душмандын аракеттери биздин коргонуу доктринабызды кайра карап чыгууга жана өзгөртүүгө алып келет», — деп Вахидинин сөзүн Fars маалымат агенттиги келтирди.
Буга чейин Иран бийлиги ракеталарынын учуу аралыгын атайы 2 миң чакырым менен чектеп келгенин жана мунун максаты коргонуу гана болгонун билдирген.
Бирок акыркы мезгилде Ирандын аскер өкүлдөрү АКШ менен болгон жаңжалга байланыштуу өлкөнүн аскердик доктринасы коргонуу багытынан чабуул коюу багытына өзгөрүшү мүмкүн экенин айтышкан. Ошондой эле ракеталардын учуу аралыгына коюлган чектөөлөр алынып салынганын билдиришкен.
Мындай чечимдердин кабыл алынышына Ирандын Жогорку лидери Моджтаба Хаменеи да түрткү болгон. Ал аскер адамдарына жооп кайтаруу аракеттерин Жакынкы Чыгыш аймагынын географиялык чеги менен чектебөөнү буйруган.
Ирандын саясатчыларынын билдирүүсүнө караганда, бул чечим Иранга Европада жайгашкан АКШнын аскердик базаларына да сокку урууга мүмкүнчүлүк берет.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Буга жооп катары Иран тарап да өз соккуларын жасаган. Учурда жаңжалда салыштырмалуу тынч абал байкалганы менен, тараптар ортосундагы карама-каршылык толук жөнгө салына элек. Ошондуктан аскердик аракеттердин кайрадан башталып кетүү коркунучу сакталып турат.



















