Ирандын Тышкы иштер министрлиги аймактагы өлкөлөрдү АКШнын Иранга каршы соккуларын жасоо үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө дагы бир жолу эскертти.
Бул тууралуу Press TV телеканалы маалымдады.
Буга чейин Ирандын армиясы АКШнын аскер кызматкерлери жайгашкан Кувейттеги Али-ас-Салем аскердик базасына сокку урганын билдирген. Ошондой эле Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу америкалык учкучсуз учуучу аппараттар Ирандын аба мейкиндигин бузганына жооп катары Бахрейндеги Шейх-Иса авиабазасында жайгашкан АКШнын радиолокациялык станциясына чабуул жасалганын маалымдаган.
«Аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү өз аймактарын, аскердик базаларын жана объектилерин Иранга каршы агрессияны пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн пайдаланууга жол бербеши керек. АКШга Иранга каршы сокку урууга өз аймактарын пайдаланууга уруксат берүү коңшулаштык мамилелеринин принциптерин бузат, агрессиялык аракет болуп саналат жана Иранга өзүн коргоо чараларын көрүүгө укук берет», — деп жазат Press TV телеканалы Ирандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен өзүнүн Telegram-каналында.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге сокку урууну баштаган. Буга жооп катары Иран тарап да соккуларды жасаган. Чыр-чатакта учурда салыштырмалуу тынч абал байкалганы менен, жаңжал азырынча жөнгө салына элек. Ошондой эле согуштук аракеттердин кайрадан күчөп кетүү коркунучу сакталууда.



















