АКШ Жакынкы Чыгышта аскер кызматкерлерин баш калкалатуу үчүн 17 бетон бункер курууну пландап жатат. Алар учурда колдонулуп жаткан атайын жабдылган жүк ташуучу контейнерлердин ордуна курулат. Бул тууралуу Defense News басылмасы кабарлады.
Он бункерди Израилде, бешөөнү Сауд Арабиясында жана экөөнү Ливанда куруу пландалууда. Баш калкалоочу жайлар учкучсуз учуучу аппараттардын жана ракеталардын соккуларына туруштук берүүгө тийиш.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн документтеринде аткылоодон коргоону камсыз кылган типтүү курама темир-бетон бункерлерин куруу үчүн убактылуу баш калкалоочу жайларды алмаштыруу зарылдыгы белгиленген. Долбоор АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) жоопкерчилик аймагына кирген өлкөлөрдөгү америкалык аскер кызматкерлеринин жана коалициялык күчтөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Defense News басылмасынын маалыматына караганда, бункерлерди куруу чечими Перс булуңу аймагындагы бир нече америкалык аскер базалары ракеталык жана учкучсуз аппараттардын соккуларынан олуттуу зыян тарткандан кийин кабыл алынган. Басылманын маалыматы боюнча, бул чабуулдардын натыйжасында кеминде 23 аскер кызматкери каза болгон.
Армиянын билдирүүсүнө ылайык, келишим түзүлгөндөн кийин долбоор 45 күндүн ичинде аякташы керек. Потенциалдуу подрядчыларга сунуштарын даярдоо үчүн үч күн берилген, ал эми арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 25-ноябрда аяктайт.

















