Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын Ормуз кысыгы миналардан тазаланды деген билдирүүсүнө карабастан, ал жерде үч танкер минага жарылганын билдирди.
Буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Ормуз кысыгындагы кеме жүрүүчү негизги жолдорду миналардан тазалаганын жана бул аймак аркылуу миңдеген кемелер өткөнүн билдирген.
«Акыркы сутка ичинде Ормуз кысыгынын Иран тарабынан өтүүгө тыюу салынган түштүк маршруту аркылуу өтүүгө аракет кылган үч танкер минага жарылып, өрттөнүп кеткен», — деп айтылат Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун басма сөз кызматы жарыялаган билдирүүдө.
Иран күчтөрүнүн маалыматына караганда, танкерлердин баары радиолокациялык жана навигациялык системаларын өчүрүп, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрүнүн эскертүүлөрүнө көңүл бурушкан эмес.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Буга жооп катары Иран аймактагы америкалык базаларга сокку урган. Учурда жаңжалда салыштырмалуу тынч абал байкалганы менен, ал толук жөнгө салына элек жана согуштук аракеттердин кайрадан башталып кетүү коркунучу сакталууда.
Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалдан улам Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы дээрлик токтоп калган. Бул — дүйнөлүк рынокко мунай, мунай продуктулары жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги деңиз жолдорунун бири. Натыйжада көпчүлүк өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасы жогорулады.

















