Миграция эрежелерин бузгандыгы үчүн Орусиядан мажбурлап депортацияланган мигранттардын саны 2024-жылы 80 миңден ашуун адамды түздү. Бул тууралуу ТАСС Федералдык сот аткаруучулар кызматына (ФСАК) шилтеме берүү менен билдирди.
“2024-жылдын декабрына чейин 80 миңден ашык чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар соттун чечими менен Орусиядан мажбурлап депортацияланган”, – деп билдирди агенттиктин булагы.
Федералдык сот аткаруучулар кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылы Орусиядан 44,2 миңден ашуун чет элдик жана жарандыгы жок адамдар, 2022-жылы 26,6 миң чет элдик жана жарандыгы жок адамдар депортацияланган.
Тактап айтканда, 2024-жылы Москва жана Москва облусунан 23 миң мигрант депортацияланган.
Буга чейин Орусия Федерациясынын башкы сот аткаруучусу Дмитрий Аристов 2017-2022-жылдар аралыгында 200 миңдей мигрант миграциялык жана эмгек тартибин бузгандыгы үчүн Орусиянын аймагынан чыгарылганын билдирген.
Буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери бир катар миграциялык мыйзам бузуулар үчүн чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн административдик чыгаруу боюнча чечимди өз алдынча кабыл алуу укугуна ээ болору маалымдалган. Мыйзам 5-февралдан тарта күчүнө кирет.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2023-жылы чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтикалык тармактарда, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташуу кызматтарында иштөөгө тыюу салууну караган мыйзам долбоору Мамлекеттик думага сунуш кылынган. Бир катар региондордо келгиндерге башка тармактарда да иштөөгө болбойт.
Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой өлкөдө 6 миллион 174 миң чет элдик жаран бар экенин билдирген. Алардын көбү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Беларуска туура келет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык мигрант жүргөнү аныкталган.
Фото: ТАСС



















