Тогуз айдын ичинде Өзбекстандан көчүп кеткендердин 80% ашыгы Казакстанга барган.
2023-жылдын тогуз айында Өзбекстандан чет өлкөлөргө 181,1 миң киши көчүп кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Статистика агенттигинин жаңы отчётунда жазылган.
Ага ылайык, 181,1 миң адамдын 81,3% Казакстанга, 15,3% Орусияга, 0,5% Кыргызстанга, 0,5% Түштүк Кореяга, 0,2% Түркмөнстанга жана 2,2% башка өлкөлөргө көчүп кетишкен. Алардын 10,4% эрезеге жете элек болсо, 81,4% эмгекке жарамдуу курактагылар, 8,2% карылар болуп эсептелет.
Өткөн жылдын январь-сентябрь айларындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу Өзбекстандан көчүп кеткендердин саны Каракалпакстанда 168,4%, Навои облусунда 143,7%, Бухара облусунда 121,4%, Хорезм облусунда 115,9% жана Ташкент шаарында 115,4% көбөйгөн.
Статистика агенттигинин маалыматына караганда, 2023-жылдын тогуз айында башка өлкөлөрдөн Өзбекстанга 168,7 миң киши көчүп келген. Алардын 38,9% Орусиядан, 24,5% Казакстандан, 10,5% Тажикстандан, 5,1% Кыргызстандан, 1,6% Түркмөнстандан жана 19,4% башка өлкөлөрдөн келген.




















