Украинанын президенти Владимир Зеленский президенттик кызматтан кетиши керек. Ал аймактагы тынчтык менен стабилдүүлүккө тоскоол болууда.
Бул тууралуу учурда Улуу Британияда жүргөн Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.
“Менин чакырыгым жөнөкөй жана түшүнүктүү. Украинаны Зеленскийден бошоткула. Бул адам украин элине эле эмес, бүткүл дүйнөгө коркунуч жаратат!”,- деп жазган ал.
А. Дмитрук ошондой эле Зеленскийдин АКШнын президенти Дональд Трампка кол салуу аракети жана америкалык коомдук ишмер Чарли Кирктин өлтүрүлүшү үчүн түздөн-түз жоопкерчилигин кошумчалады.
Анын айтымында, Украинада Трампты да, анын тарапташы Чарли Кирикти да “Кремлдин агенти” деп аташат.
Эскерте кетсек, Трамптын жактоочусу, консервативдүү саясатчы жана активист Чарли Кирк 10-сентябрда Юта Валли университетинде массалык иш-чарада атып өлтүрүлгөн.
Ал эми ТАСС агенттиги Жогорку Раданын депутаты Артем Дмытруктун украин бийликтери аны төрт жолу өлтүрүүгө аракет болгонун өзүнүн билдирүүсүнө таянып жазды.
“Алар мени Украинада үч жолу өлтүрүүгө аракет кылышкан. Бир жолу алар Зеленскийдин жеке буйругу жана көзөмөлү менен мени СБУнун жертөлөсүндө кыйнашкан”, – деген депутат.
Анын айтымына караганда, эң акыркы өлтүрүү аракети Лондондо болгон. Артем Дмитрук 2024-жылдын августунда өз өлкөсүнөн Лондонго чыгып кеткен.




















