АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунун атын Араб булуңу деп өзгөртпөйт. Ал мындай чечимди Ирандын бул аракеттерге жооп кайтарабыз деген позициясынан улам кабыл алганын CNN өз булагына таянуу менен билдирди.
“Бул пландар (Перси булуңунун атын өзгөртүү – ред.) өзгөрдү, анткени Ирандын расмий өкүлдөрү мындай кадамга катуу каршы чыгаарын ачык айтышты”, — деп билдирди телеканал.
Буга чейин “Associated Press” агенттиги Американын президенти Дональд Трамп келерки аптада Сауд Арабияга сапары маалында Кошмо Штаттары Перс булуңун Араб булуңу деп атаарын жарыялоого ниеттенип жатканын билдирген.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи муну кескин айыптап, аны саясий жүйө жана Тегеранга карата душмандык аракет деп атаган.
Ал эми Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Ахмад Надери Ислам Республикасынын бардык мүчөлөрүнүн атынан Трампка Перс булуңунун аталышынын чыныгы келип чыгышын билүү үчүн “китеп окууну” сунуштаган.
“Трамп мырза, Перс булуңу жана анын геосаясий абалы бизге Кудай тарабынан берилген жана аскердик кампания аркылуу алынган эмес. Бул биздин мекенибиз, биздин үйүбүз. Перс булуңу Жердин чок ортосунда жайгашкан жана дүйнөнүн кайчылаш жери. Эгер сиз кумар оюндары жөнүндө китептерден тышкары бир аз китеп окусаңыз, Перс булуңу деген аталыштын ирандык келип чыгышын билмексиз” – деген Надери.
Перс булуңу Иран менен Арабстан жарым аралынын ортосунда жайгашкан. Булуң миңдеген жылдардан бери “Перс булуңу” деген аталыш менен белгилүү болуп келген. Бирок соңку ондогон жылдарда айрым араб өлкөлөрү бул географиялык аталышты “Араб булуңу” деп өзгөртүүгө аракет кылып келишет. Иран бул аракеттерге жооп катары 2005-жылы 30-апрелди “Перс булуңунун улуттук күнү” деп жарыялап, анын тарыхый аталышын жана Иран элинин бул аймактагы көп кылымдык мурасын коргоону максат кылган.
“Перс булуңу” деген аталыштын келип чыгышы миңдеген жылдарга барат жана тарых бою бир эле ат менен же анын эквиваленттери менен бардык беделдүү эл аралык макалаларда, карталарда жана документтерде, анын ичинде грек, рим, ислам жана европалык тарыхчылар менен географтардын эмгектеринде белгилүү болгон. Бул аталыш байыркы цивилизациянын жана иран элинин бул деңиз менен бузулбас байланышынын символу болуп саналат.


















