АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Газа жана Иран маселелери боюнча пикир келишпестиктерден улам андан жүзүн бурду. Бул тууралуу Израилдин Yedioth Ahronoth гезити жазды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Газа жана Иран маселелери боюнча пикир келишпестиктерден улам Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхудан жүзүн бурду. Ал эми Тель-Авив АКШдагы шайлоонун алдында Ак үйдөн күтүп жаткан колдоосуна ээ боло алган жок. Бул тууралуу Израилдин Yedioth Ahronoth гезитинде жарыяланган аналитикалык макалада айтылат.
Басылманын маалыматына ылайык, Трамптын Нетаньяхудан көңүлү калган. Анын пикиринде, Израилдин премьер-министри Иранды талкалоо, Тегерандагы бийликти алмаштыруу жана Газадагы согушту аяктоо боюнча аткарылгыс убадаларды берип, аны адаштырган.
Мындан тышкары, Газадагы аскердик операциянын создугуп кетиши АКШ президентинин Авраам келишимдерин кеңейтүү пландарына тоскоол болгон.
Макаланын автору Газадагы аскердик операция АКШ менен Израилдин мамилелерине олуттуу зыян келтиргенин, ошондой эле америкалык коомчулуктун симпатиясы палестиналыктар тарапка оогонун белгилейт.
АКШдагы аралык шайлоодон кийин Израилдин абалы мындан да татаалдашы мүмкүн.
Басылмада ошондой эле Трамп Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу, аймакта жаңы тартип түзүү жана «кылым келишимин» түзүү боюнча берген убадаларын аткарбаганы белгиленет.
Ошол эле учурда макаланын автору АКШ президентинин Нетаньяхуну колдоодон баш тартышын Израиль үчүн өлкөнү кыйроого алып бара жаткан премьер-министрден арылууга мүмкүнчүлүк катары баалайт.
Бирок Вашингтон менен мамилелерди кайра калыбына келтирүүнүн келечеги азырынча белгисиз бойдон калууда.















