Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган америкалык кесиптеши Дональд Трампка Иран боюнча үч тараптуу саммит өткөрүүнү сунуштады деп билдирди түркиялык Hurriyet гезити.
Басылманын маалыматы боюнча, Эрдоган бул сунушту 27-январда Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирген.
Түрк лидери АКШ, Иран жана Түркиянын ортосундагы жолугушууну, видеоконференция аркылуу да өткөрүүнү сунуштаган.
“Трамп Эрдогандын сунушуна оң баа берип жатканы кабарланууда”, – деп жазат гезиттин кабарчысы Ханде Фырат.
Hurriyet гезити ошондой эле Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи ушул аптада кесиптеши Хакан Фидан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Түркияга келерин, бирок так даталар жарыялана электигин кабарлайт.
Түркия менен Ирандын тышкы иштер министрлери акыркы жолу 28-январда телефон аркылуу сүйлөшүп, Ирандын айланасындагы акыркы окуяларды жана аймактагы чыңалууну басаңдатуу аракеттерин талкуулашкан.
Анкара Ирандын айланасындагы кырдаал дипломатиялык жол менен чечилет деп күтөт. Бул тууралуу шаршемби күнү кечинде Түркиянын президентинин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч TRT Haber каналында билдирди. Ал Түркия Ирандын иштерине тышкы кийлигишүү оң натыйжа бербейт деп эсептей турганын белгиледи.
2025-жылдын декабрь айынын аягында Иранда улуттук валютанын девальвациясына байланыштуу тынч мүнөздөгү нааразылык акциялары башталган. Кийинчирээк алардын арасында куралчан жалданма террористтер пайда болгон. Тегеран башаламандык үчүн Израил менен АКШны күнөөлөп келет.


















