Ирандын түндүгүндөгү Гилян провинциясында Израил менен кызматташтыкка айыпталган ондогон адамдар кармалды. Бул тууралуу Tasnim агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 36 киши коомдук тартипти бузуу, Израил менен кызматташуу, аскердик объектилерди дрон аркылуу сүрөткө тартуу, өрт чыгаруу жана жардыргыч заттарды даярдоо айыптары менен камакка алынган.
Кармоо учурунда алардан төмөнкү буюмдар алынган:
- 15 байланыш түзмөгү,
- 1 учкучсуз учуучу аппарат (дрон),
- 4 колго жасалган бомба,
- 2 Starlink интернет-приемниги,
- 50 жардыруучу зат,
- 39 мыйзамсыз электрондук шайман.
Бүт өлкө боюнча жапырт кармоолор
Мындан тышкары, Иран бийлиги башка шаарларда да тыңчылыкка шектелген ондогон адамдар кармалганын кабарлады:
Тегеран шаарынын четиндеги райондордо, анын ичинде Фашафойеде, Израилдин “Моссад” чалгын кызматтарына тиешеси бар делген эки адам 200 кг жардыргыч зат жана 23 учкучсуз учуучу аппарат (дрон) менен кармалды (булагы: jpost.com).
Борбордук Язд провинциясында дрондорду ташып жүргөн жана тыңчылык менен айыпталган 5 адам камакка алынды.
Күм жана ага жакын аймактарда 22 адам Израил чалгынчылары менен байланышта делип, коомдук тартипти бузууга аракет кылганы үчүн кармалды.
Түндүк жана түштүк провинциялардын башка аймактарында да ондогон адамдар кармалды. Алардын арасында шектүү тыңчылар жана “диверсанттар” бар.
Бийликтин реакциясы
-
Ирандын Башкы прокурору кармалгандар боюнча тездетилген соттук териштирүүлөр өтөрүн жарыялады.
-
Иран полициясынын башчысы жапырт кармоолор жарандардын берген маалыматы менен ишке ашканын билдирди.


















