Акыркы 17 күндө Газа тилкесинде Израилдин аткылоосунан кеминде 2000 бала, Иордан дарыясынын батыш жээгинде 27 бала каза болгонун “Save the Children” эл аралык кайрымдуулук уюму өз сайтында билдирди.
“Соңку 17 күндүн ичинде Газада кеминде эки миң бала, ал эми Иордан дарыясынын батыш жээгинде дагы 27 бала каза болду, ошол эле убакта тынымсыз абадан сокку уруулар Газа тилкесиндеги миңдеген имараттарды урандыларга айлантууда”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
“Save the Children” уюмунун Палестинадагы директору Жейсон Ли ок атууну токтоосуз токтотууга чакырды.
“Биз бардык тараптарды балдардын өмүрүн коргоо үчүн токтоосуз чараларды көрүүгө жана эл аралык коомчулукту бул аракеттерди колдоого чакырабыз… Балдардын өмүрүн чындап коргоонун бирден-бир жолу бул зордук-зомбулукту токтотуу”, – деп айткан Ли.
Палестина-Израиль жаңжалы курчугандан бери Газада каза болгондордун саны 5 миңден ашып, 15 миңден ашууну жараат алды. Израилде, жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам каза болгон.
















