Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

ЖМК: АКШнын Иранга жасаган чабуулдарына бир катар араб өлкөлөрү жардам көрсөткөн

  • Батыш Азия, Башкы жаңылыктар, Саясат
  • 10.07.2026 12:44

Loading

Ирандык Fars News агенттигинин кабарчысына жеткен ачык маалыматтар жана аскердик чалгындоо маалыматтары, АКШнын акыркы эки күн ичинде Ирандын инфраструктурасына жасаган соккуларына бир катар араб өлкөлөрүнүн катышуусун көрсөтөт. Агенттик мындай аракеттер аймактагы чыңалууну кайрадан күчөтүшү мүмкүн деп белгилейт.

Ачык булактарда (OSINT) жана авиациялык байкоо борборлорунун маалыматтарында америкалык согуштук учактарга Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Катар жана Сауд Арабиясындагы аскердик базалардан колдоо болгону көрсөтүлгөн.

Айрым маалымат каражаттарынын билдиришинче, АКШнын 8-июлда таңга жуук Ирандын деңиз портторуна жасаган соккуларында БАЭге таандык абада май куюучу учактар пайдаланылган. Учуу кыймылын көзөмөлдөөчү маалыматтар эки көп максаттуу абада май куюучу жана транспорттук MRTT учагы Иранга каршы операцияга катышканын көрсөткөн.

Тема боюнча

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

25.11.2026

Бул учактар БАЭнин карамагында экени айтылганы менен, өлкө азырынча бул маалыматтарды расмий түрдө ырастай элек жана четке каккан да эмес.

Макалада ошондой эле Иран буга чейинки 40 күндүк жаңжал учурунда Сауд Арабиясынын Аль-Харж базасында жайгашкан АКШнын бир нече май куюучу учагын жана бир AWACS учагын жок кылганы белгиленет.

Flightradar авиациялык байкоо кызматы АКШнын 9-июлда таңга жуук Иранга жасаган соккулары учурунда Катардын Аль-Удейд авиабазасында май куюучу учактардын активдүүлүгүн да каттаган.

Fars News агенттигинин аскердик жана коопсуздук тармагындагы булактарынын маалыматы да Катар, БАЭ, Иордания жана Сауд Арабиясы америкалык согуштук учактардын көп сандаган учууларына логистикалык колдоо көрсөткөнүн тастыктайт. Ошондой эле АКШнын бул өлкөлөрдөгү аскердик базалары акыркы 48 сааттагы операцияларда колдонулган деп айтылат.

Маалыматка ылайык, АКШ 9-июль таңга жуук Ирандын түндүк-чыгыш жана түштүк аймактарындагы темир жол жана мунай тармагына байланышкан кеминде үч объектке сокку урган. Ошондой эле Чабахардагы аэропорттун инфраструктурасына жана Асалуйедеги балыкчылардын кайыктарына жасалган соккулар “Исламабад келишиминин” одоно бузулушу катары мүнөздөлгөн.

Коопсуздук боюнча эксперт Абдулреза Седдик АКШ Кытай менен соода байланышы үчүн маанилүү болгон инфраструктурага сокку уруу менен «чоң кызыл сызыктан өткөнүн» билдирген.

Ирандын «Хатам аль-Анбия» борбордук штабы 8-июль күнү кечинде АКШнын Ирандын аймагына каршы жүргүзгөн операцияларын кайсы өлкө колдосо же анын аймагынан кандайдыр бир жардам көрсөтүлсө, мындай объектилер Ирандын Куралдуу күчтөрү үчүн мыйзамдуу бута болуп эсептелерин жарыялаган.

Иран буга чейин эле Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин жетекчилерине жазуу түрүндө алардын аймагынан Иранга каршы чабуул жасалса, ошол аймактар жооп соккулардын бутасына айланарын расмий түрдө эскерткени жана мындай убада мурда аткарылганы айтылат.

Ал эми Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын өкүлү Ибрахим Резаи Башкы штабдын мурдагы билдирүүсүнө таянып, эгер АКШнын акыркы 48 сааттын ичиндеги чабуулдарына жооп кайтарылса, Сауд Арабиясы, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Иордания жана Бахрейндеги деңиз, темир жол, аэропорт, мунай жана газ инфраструктурасы мыйзамдуу бута катары каралышы мүмкүн экенин билдирди.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШАраб өлкөлөрүиран
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

24.11.2026
Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

24.11.2026
Ирандын Батыш Азербайжан провинциясында төрт террордук топтун уюгу жок кылынып, 27 адам кармалды

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясында төрт террордук топтун уюгу жок кылынып, 27 адам кармалды

24.11.2026
Ирандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери: Исфахан шаарындагы «Саламаттыкты сактоо шаарчасы». Видео

Ирандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери: Исфахан шаарындагы «Саламаттыкты сактоо шаарчасы». Видео

24.11.2026
АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

24.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
219 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.