Бүгүн, 19-июнда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйыны жана “Борбор Азия жана Россия” форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын экинчи жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында болуп өттү.
Бул маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Жыйынга Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдон тышкары, уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов жана Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары, ошондой эле Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлары катышты.
“Борбор Азия жана Россия” форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын экинчи жолугушуусунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздугун камсыз кылууда кызматташуунун актуалдуу абалы жана өнүгүүсүнүн маселелери талкууланды.
Тараптар жамааттык коопсуздукка чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу контекстинде ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү кырдаалга кеңири токтолушту.
Иш чаранын жүрүшүндө тажик-ооган чек арасын бекемдөө боюнча ЖККУнун максаттуу мамлекеттер аралык программасынын биринчи этабын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Коопсуздук кеңештин алдында маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле 2026-2030-жылдарга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик кызматташтыгын пландаштырууга, уюмдун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу органдарын жана түзүмдөрүн биргелешип окутууну уюштуруу, ЖККУнун аскерлерин (жамааттык күчтөрдү) башкарууну өркүндөтүү боюнча бир катар документтерди карап чыгышты.



















