Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Жаштардын арасында келечектеги Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмоновдор байкалабы? Же алардын “дүбүртү угулбайбы”?

  • Интервью, Маданият
  • 06.12.2023 17:49

Loading

Каржылык колдоо болбогону менен быйыл Оштогу акын-жазуучулар үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. Анткени чыгармачылык менен алектенген жазмакерлердин алды өз ийгиликтерин жарата алышты. Булар тууралуу Жазуучулар союзунун Ош облустук жана шаардык бөлүмүнүн төрайымынын милдетин аткаруучу Бермет Закирова билдирди. Ал менен жазуучулардын аткарган иштери тууралуу азыноолак кеп курдук.

– Саламатсызбы Бермет айым? Жазуучулар союзунун Оштогу бөлүмү кандай жумуштарды аткарып жатат? Айтайын дегеним, кандай иштер аткарылды жана алдыга кандай пландар бар?

– Саламатчылык. Биз, Жазуучулар союзунун Ош шаардык жана Ош облустук бөлүмү бир катар жумуштарды аткарып келатабыз десем болот. Мисалы, Ош облустук китепканасында жазуучу жана публицист Амангелди Абдуваповдун санжырага байланган өмүрү чыгармачылыгына арналган иш-чарасын өткөрдүк. Ага Жазуучулар Союзунун мүчөлөрү, ОшМУнун окумуштуулары, Кара-Суу айылынын тургундары, мектеп жамааты келип катышты. Андан кийин белгилүү жазуучу, публицист, журналист Ризван Исмаилованын Жолон Мамытовго арнап жазган “Үнү каткан улар” китеби боюнча сахналаштырылган кече өткөрдүк. Бул эки кеченин тең башында өзүм туруп даярдадым.

Тема боюнча

АКШнын коргонуу тармагы жасалма интеллекттин айынан кадрлардын жетишсиздигине туш болду

АКШнын коргонуу тармагы жасалма интеллекттин айынан кадрлардын жетишсиздигине туш болду

27.11.2026

Амангелди агайдын кечеси айылдыктарга таасир берип, өз айылыбызда эмне үчүн чыгармачыл кишилерди баалабайбыз деген таасирлер менен жыйынтыкталса, Ризван эжекенин кечесинин өзгөчөлүгү мындан 10-15 жыл баштагы газет-журналдарга берген маектерин алып, студенттер тарабынан сахналаштырылып, автордун көзүнө жаш алдырган сонун бир кече болду. Мындан мен гезит-журналдын маданияттагы, адабияттагы орду зарыл экенин баамдадым. Эми алдыда Улуттук адабият күнүнө карата жакшы бир пландарды койдук. Буйруса, Бишкектеги акын-жазуучулар менен онлайн вебинарларды уюштуруп, ал эми жергиликтүүлөр менен оффлайн иш-чараларды өткөрөлү деп турабыз.

Жазуучулар Союзунда тышкы адабий байланыштар менен иш алып барган Сахиба Шакирова деген эжебиз бар. Анын жардамы менен өзбек акындарынын тобу, Мукумжон Нурбоев башатаган чыгармачыл топ 2023-жылдын 3-октябрында ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине келишип, адабий алака, адабий баарлашуу болду. 2023-жылдын 30-ноябрында биздин мүчөлөрдү Сахиба эжеке адабий чөйрө менен тааныштыруу максатында, Кокон жергесине “Туран учкундары” китебинин бет ачарына алып барып келди. Ал жактан өзбек туугандарыбыздын адабияты менен таанышып келишти.

30-ноябрда өзбек акыны Хабиб Сыддыктын 70 жылдыгына арналган иш-чарага союздун мүчөлөрү жана чыгармачыл бирикменин мүчөлөрү менен чогуу катышып келишти. Ал жактан бир канча акындарынын китептери бизге келди, алардын алды кыргыз тилине которула баштады. Мисалы, Сардор Сирожиддин деген акындын “Кадам” аттуу ыр жыйнагын которуп жатабыз.

– Азыркы интернет жана базар экономикасынын күчөп турган убагында көркөм адабиятка элдин кызыгуусу төмөн экени жашыруун эмес. Бирок ошол эле учурда окурмандар бар экенин да билебиз. Ал эми жазуучулар ушул замандын талабына ылайык чыгармаларды жазып жатышабы?

– Чыгармаларды ар ким өзү тандаган багытында жазып келе жатышат. Мисалы, прозада жүргөндөр прозасын улантып, поэзияда жүргөндөр поэзиясын жазып атышат. Бизде, бүгүнкү күндө поэзияда котормо жанры жанданып келе жатат десек болот. Жакында эле ОшМУга белгилүү казак жазуучусу Саят Камшыгер келип кетти. Азыр жазмакерлер анын ырларын которгонго аракет кылып жатышат. Бирок ошону бизде базар экономикасы дейбизби, өзүбүз чыгара албай ошол котормонун автору тарабынан басмага жарык көрүп атат да. Ушул жагы көйгөй. Өзүңдүн китебиңди, өзүңдүн капчыгыңда акчаң болсо гана чыгара аласың.

Акын-жазуучулардын чыгармаларын чыгарууга инвестиция тартуу жагынан эч ким колуна алган эмес. Анан ар ким өз арабасын өзү тартып, ар ким өз күчү менен чыгарып жатышат. Мисалы, менин алгачкы китебимди ОшМУнун каржылоосу менен чыгардык, ал эми экинчисин жеке каражатыбызга чыгардык. Азыр мен которгон котормолор каржылык маселенин айынан чыкпай турат. Демек, баарында меникиндей эле маселелер турат десем жаңылышпайм. Ар бир инсан өз чыгармасынын киндигин өзү кесип, өзү басмадан чыгарып, ал китепти сатуу ишин да өзү ишке ашырса гана анын чыгармачылыгы тууралуу маалымат таркап атат. Өзүн таанытууга далалат кылгандар китептерин көп таратканга аракет кылып атышат. Бирок бул жерде кемчилиги акчасы бардын китеби чыгып, таланты бар акчасы жоктор өз казанында гана кайнап калып атат.

– Жаштардын арасында келечектеги Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмоновдор байкалабы? Же алардын “дүбүртү угулбайбы”?

– Азыркы учурда борбордон көрүнөт. Чыгармачылыгын өстүрүп аны менен көгөрүп атып, адабиятка кызмат кылайын, коомго бекер кызмат кылайын дегендер да жок эмес. Мунарага сүрөт түшүрүү кыйын болгондой эле, чыгармачылыкты да алып кетүү кыйын экенин сезгендер дароо эле мындан баш тартышат. Келечекте адабий чөйрөдөн өздөрүн көрө албагандар да бар. Анткен менен келечекте өз заманынын Чыңгызы, Алыкулу чыгат деген үмүт бар. Кимдер, качан, кайсы жанрда чыгат аны айтыш кыйын. Себеби, учур адабияты дагы батышка ооп кетмей болуп атпайбы! Чынында адабияттын чыныгы күйөрмандары аз калды. Адабият үчүн күйгөн, жанын күнгө кактаган адамдар чанда гана кездешет. Чыныгы адабияттын сүйүүчүлөрү өз бактысынан да, өз тагдырынан да баш тарткандар болуп эсептелет эмеспи. Көр тиричилик менен адабияттын жүгүн алып кетүү бүгүнкү күндө жеңил эмес. Ошентсе да жан дүйнөнүн талантын баалап, аны таштабай калем кармап жүрүү да бакыт.

– Быйылкы жыл деле жыйынтыкталып баратат. Жазуучулар бул жылы кандай жаңы чыгармаларды жазышты? Анан ал чыгармалар коомчулукта талкуу жарата алдыбы?

– Куштарбек Кимсановдун мыкты котормолору жарык көрдү. Ошолордун ичинен мен “Карагер сулуу” деген котормосун эргүү менен окуп чыктым. Аябай мыкты которулуптур. Жазуучулар союзунда котормолор боюнча ушул агай жогорку деңгээлге чыкты десек болот. Андан башка Ризван Исмаилованын, Бакыт Орозбаевдин мыкты китептери, Т.Жороевдин котормолору жарык көрдү. Акын, драматург Гүласал Алиеванын “Кыл көпүрө” драмасы Түркиянын Малтепе 5 фестивалынын алкагында Стамбулдун театрында сахналаштырылды. Кыргыз эл жазуучусу Суранчы Жетимишов, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зинакан Пасанова, жазуучу Ж. Сулаймановдун чыгармачылык кечелери Алай жергесинде өткөрүлдү.

Демек, биздин чыгармачыл кишилер жаны тынбайт, иштейт,чыгармачылык менен алпурушат. Баары чыгармасын жазып, котормосун иштеп аткандай. Бирок китебин финансы маселесин чечкени гана чыгарат. Чыгара албай аткандар чыгармачылыктан алыстап кетпейин деп маданий, адабий иш-чараларга катышып руханий дүйнөсун азыктандырып турушат.

Жылдын жыйынтыгы Оштогу жаштардын, анын ичинде кыздар поэзиясынын жылы болду десек болот. Кыздардан куралган команда ал союзга мүчөбү, мүчө эмеспи маанилүү эмес, ушул команда мыкты иш алып барды. ЖМКлар менен иш алып барышты, видеоотчеттор, фотоочеттор мыкты жасалып, соцтармактарда чагылып турду. Бул кыздар поэзиясынын жанданышына, теле менен бирге иш алып баруусуна чын дилинен жардам берген, алардын чыгармачылыгын ачууга далалат жасаган мыкты эжебиз бар. Ал Жанара Мамадалиева. Өзү Кожогелди Култегиндин поэзия классынан билим алган мыкты чыгармачыл инсан. Эжеге жалпы кыздардын атынан ыраазычылык билдирем.

– Рахмат маегиңизге.

Маектешкен: А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ф. Кулов Манас шаары боюнча кайрадан демилге көтөрдү. Ысымдын ыйыктыгы же макамдын салмагы маанилүүбү?

Ф. Кулов Манас шаары боюнча кайрадан демилге көтөрдү. Ысымдын ыйыктыгы же макамдын салмагы маанилүүбү?

27.11.2026
АКШнын коргонуу тармагы жасалма интеллекттин айынан кадрлардын жетишсиздигине туш болду

АКШнын коргонуу тармагы жасалма интеллекттин айынан кадрлардын жетишсиздигине туш болду

27.11.2026
Франция менен Болгариянын президенттери футбол күйөрмандарынын ортосундагы жаңжалга үн катты. Видео

Франция менен Болгариянын президенттери футбол күйөрмандарынын ортосундагы жаңжалга үн катты. Видео

27.11.2026
Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Иран Ормуз кысыгын блокадага алуу аркылуу Улуу Британияга жана ЕБге кысым көрсөтүүдө

Иран Ормуз кысыгын блокадага алуу аркылуу Улуу Британияга жана ЕБге кысым көрсөтүүдө

27.11.2026
Эксперт: НАТО Украинаны курал катары колдонуп, дүйнөлүк аскердик коопсуздукту тобокелге салууда

Эксперт: НАТО Украинаны курал катары колдонуп, дүйнөлүк аскердик коопсуздукту тобокелге салууда

27.11.2026
Путин Орусиянын жасалма интеллект боюнча улуттук стратегиясын жаңылоону сунуштады

Путин Орусиянын жасалма интеллект боюнча улуттук стратегиясын жаңылоону сунуштады

27.11.2026
Nvidia компаниясы Женсен Хуангды кайрадан жетекчилик кызматка дайындады

Nvidia компаниясы Женсен Хуангды кайрадан жетекчилик кызматка дайындады

27.11.2026
Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

27.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.