УКМК тарабынан Бишкек шаарында трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жасалма акчаларды (Түркияда жасалган АКШ доллары) сатуу менен алектенген кыргыз жарандары Ж.К.А. жана М.К.Т. кармалды. Бул тууралуу аталган коопсуздук органынын маалымат кызматы билдирди.
Тактап айтканда, кармалган адамдар чет мамлекеттердин (Өзбекстан Республикасы жана Түркия) жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, КР жана Өзбекстан Республикасынын аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатууну жана жүргүртүүнү ишке ашырышкан.
Учурда Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын кеңири чөйрөсүн (Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Түркиянын жарандары) аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



















