Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин жана Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык, “эки мамлекет” принцибинин негизинде Израиль-Палестина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнү жактайт.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Минск шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын тар форматында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
“Дүйнөдөгү геосаясий абал түзүлгөн кырдаал барган сайын татаал жана карама-каршылыктуу мүнөзгө ээ болуп жатканын көрсөтүп турат. Терең кайгыруу менен биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти көрүп жатабыз. Биз тараптарды жай жарандарга карата курмандыктарга жана зомбулукка жол бербөө, согуштук аракеттерди тез арада токтотуу жана сүйлөшүү процессин дароо баштоо боюнча ар тараптуу чараларды көрүүгө чакырабыз”, – деди мамлекет башчысы.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы көңүл борборунда мурдагыдай эле Афганистандагы кырдаал калып жатканын белгилей кетти.
Анын айтымында, Кыргызстан Афганистан тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар жана бул өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча баардык көп тараптуу сүйлөшүү процесстерин толугу менен колдойт. Кыргыз тарап Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн жасап жаткан аракеттерин кубаттайт жана алардын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин аткарууга болгон умтулуусун колдойт.
Садыр Жапаров Кыргызстан бул өлкөдөгү социалдык жана гуманитардык абалдын мындан ары начарлашына жол бербөө максатында афган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнүн улантылышын жактайт, деп баса белгиледи.



















