Бүгүн, 10-апрелде, президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Мамлекет лидерлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты”- деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты.
Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты.
Кремлдин версиясы
“Өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн бир катар практикалык аспектилери, анын ичинде соода-экономикалык, финансылык жана гуманитардык тармактары талкууланды”, деп билдирди Кремлдин маалымат кызматы.
Маалыматта белгиленгендей, Россиянын ЕАЭБге жана Кыргызстандын КМШга төрагалык кылуусунун контекстинде Путин менен Жапаров «евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн айрым маселелерине» токтолушту.
Discussion about this post