Жалал-Абад облустук милициясы ири көлөмдө мыйзамсыз кофе азыктарын даярдап, сатып жүргөн жаранды аныктады.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 8-июль күнү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын базарында, соода түйүндөрүндө мыйзамсыз колдо жасалган кофе азыктары сатылып жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алынган.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси (Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мыйзамсыз кофе азыктарын 2 жерде даярдап жүргөн Ноокен районунун 1990-ж.т. С.Э. экендиги аныкталган.
Жалал-Абад шаардык сотунун токтомунун негизинде С.Э.нин Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жасалма кофе жана башка азык-түлүк продукцияларын чыгаруучу 1 даана станок, 3 кап колдо жасалган “Маккофе” үлгүсүндөгү кофе, “Маккофе” үлгүсүндөгү кофенин 11 даана рулонго оролгон сырты, 72 коробка колдо жасалган “Фрима” аталышындагы кургак сүт азыгы, 2 кап “Байжи” чайдын сырты, 3 кап колдо жасалган “Мурас” куруту жана 12 капта “Мурас” курутунун сырты табылып, алынды.
Ал эми экинчи даректеги азык-түлүк сактоочу кампасынан 132 коробка колдо жасалган “Маккофе” үлгүсүндөгү кофе, 5 коробка колдо жасалган “Фрима” аталышындагы кургак сүт азыгы жана 1 даана компьютердин процессору табылып алынган.
Азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.