Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу маалыматты укук коргоо органдары кабарлады.
Окуя 3-октябрга караган түнкү саат 3 менен 4түн аралыгында болгон. Кылмышкер дарбазадан секирип кирип, үйдүн ээсин жана эжесин өлтүрүп кеткен.
Шектүү видеокөзөмөлгө түшүп калган. Окуя болгон жерден анын баш кийими табылган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн кесипкөй кызматкерлер кирген тергөө тобу түзүлүп, бардык камералардагы видеожазылмалар алынганы кабарланган.
Милициянын маалыматына караганда, маркум тирүү кезинде машина сатып иштеп келген. Анын автоунаасынын багажынан ири суммадагы акча табылган.
Маркумдардын сөөгү өздөрү туулуп-өскөн Баткен облусунда жерге берилди.




















