Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд сомго эмне жумуштар аткарылды?

  • Аналитика, Кыргызстан
  • 09.02.2024 17:20

Loading

2023-жыл – Жалал-Абад шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болуп, көп тармакта динамикалуу өсүү темпи байкалды. Бул тууралуу калаа бийлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кабылбек Көчкөнбаев билдирет. Анткени калаада бир жыл ичинде жаңы салынган жана кеңейтилген жолдор, чакырымдарга созулган тратуарлар пайдаланууга берилди. Булардан сырткары, ооруканалар жаңыланып, билим берүү тармагы менен спортко өзгөчө көңүл бурулган. Ал эми бир канча балдар бакчалары, IT академиясы, Олипиадалык резервдеги республикалык колледж ачылуу алдында турса, бюджетти толтурууга багытталган өндүрүштүк ишканалар пайдаланууга берилген.

Булар – Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү үчүн Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомго аткарылган.

Жалал-Абад шаарынын жолдоруна өзгөчө көңүл бурулган

Тема боюнча

Путин: Россия бюджетке мунайдын баасын баррелине 50 доллардан эсепке алат

Путин: Россия бюджетке мунайдын баасын баррелине 50 доллардан эсепке алат

18.09.2026

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомду 3 категорияга бөлгөн. Анда аткарылат делген жумуштардын ичинде шаардын жолдоруна өзгөчө маани берилген. Тактап айтканда, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө жакшы шарт түзүү максатында, айрым негизги жана ички жолдор кеңейтилген. Шаардагы 3,5 чакырымдык борбордук көчөсү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, ага Түмөнбай Байзаков проспектиси ат ыйгарылды. Дагы бир негизги көчөлөрдүн бири болгон Пушкин көчөсү да мурунку калыбынан 100 пайызга өзгөрүп, жаңыдан асфальт төшөлдү.

Мындан сырткары, калаанын бир катар негизги көчөлөрү – Бекмамат Осмонов, Даниельбек Малашев, Манас, М.Бабкин, Курманбек атындагы бир канча көчөлөр да кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөө, тротуар куруу, темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жасалды. Жалпысынан 2 млрд. сомдун эсебинен жогорудагы жолдорду реконструкциялоо үчүн 583 млн 500 миң сом акча каражаты жумшалган.

Ошондой эле, калаадан “Жалал-Абад” санаториясына чейинки узундугу 3,6 чакырым жолго 28 млн 800 миң сом коротулуп, тротуар салынды жана ал жарыктандырылды. Алдыда жол четине атайын отургучтарды орнотуу иши калган.

Социалдык обьекттердин курулушу

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын аймагында ооруканалардын эскилиги жеткен имараттары да чоң көйгөй жаратып келген. Тагыраагы, калаадагы облустук клиникалык оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн авариялык абалдагы имараттары буздурулуп, анын ордуна 100 орундуу, 3 кабаттан турган заманбап-жаңы корпус курулду. Оорукананын курулушуна 251 млн сом акча каражаты жумшалган.

Бул ооруканадан сырткары, дагы бир 3 кабаттуу заманбап оорукана салынды. Тактап айтканда, калаанын Темир жол көчөсүндө жайгашкан облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору да жаңы имараттуу болду. Бейтапкана 96 орунга ылайыкташтырылып, бардык шарттар каралган. Ага 264 млн. сомдон ашуун акча каражаты сарпталган.

Жаш балдар үчүн жылдын төрт мезгилинде тең пайдалана турган муниципалдык балдар ойноочу комплекс да курулду. Ал компалекс балдарды заманбап эч алуучу жай менен эле камсыздабастан, андан түшкөн каражат шаар казынасын да толуктап турат. Бул курулушка 74 млн. 300 миң сом коротулду. Ал эми Ч.Айтматов аймактык башкармалыгында 150 орунга ылайыкташкан, эки кабаттуу балдар бакчасы да курулду. Бул үчүн 88 млн. 600 миң сом керектелген.

Ошондой эле, жаш балдарды олимпиадалык оюндарга даярдоочу республикалык колледж да түптөлдү. Тагыраагы, калаадагы № 1 кесипчилик лицейдин имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ага жатакана, ашкана, окуу бөлүмөлөрү, машыгуу залдары менен кошо салынган. Анын курулушуна 117 млн сом жумшалган.

Бөлүнгөн 2 млрд сомго жасалат делген жумуштардын ичинде 3 кабаттан турган инновациялык IT-технологияларын окутуу борбору да бар болчу. Бүгүнкү күндө анын имараты дээрлик курулуп бүтүп калды. Анда кураштырууга, техникага кызыккан жаратмандарды колдоодон сырткары, чет тилдерин окутуу үчүн да атайын шарттар түзүлөт. Бул курулушка дээрлик 65 млн сом коротулган.

Казынага каражат алып келчү долбоорлор

Шаар казынасына пайда алып келе турган ири заводдорду салуу да пландалган. Бул багытта асфальт-бетон чыгаруучу жана таш талкалоочу завод курулду. Ал шаар жолдорун оңдоого жана асфальттоого гана кызмат кылбастан, башка жеке жактарга коммерциялык да кызматты көрсөтөт. Андан түшкөн каражат шаар казынасын толуктап турат. Бул завод үчүн 111 млн 540 миң сом жумшалган.

Мындан сырткары, ушул эле сумманын ичинен мэриянын “Жол” башкармалыгынын техникалык базасын чыңдоо максатында, 4 даана “Шахман” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу жана бир даана Хундай портер үлгүсүндөгү автоунаалар сатып алынды. Жаңы техникалар учурда шаардын жолдорун оңдоп-түзөө, асфальт төшөө жумуштарында пайдаланылууда.

Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды сугаруу маселеси көп жылдардан бери көйгөй болуп келген. Ал маселе да чечилип, техникалык суу чыгаруучу 4 скважинаны куруу жана аны реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада бир катар парктар, көчөлөр техникалык суу менен камсыз болуп, арыктар аркылуу бак-дарактар, гүлдөр сугарыла баштады. Бул үчүн 12 млн сомдон ашуун акча каражаты коротулган.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдон бир топ акча каражаты үнөмдөлдү. Ал каражаттар кайра эле шаардын өнүгүүсүнө жумшала турган болууда. Тактап айтканда, таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу сыяктуу жумуштарга жумшалаары пландалууда.

Даярдаган: А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: бюджетЖалал-Абаджолкурулуш
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШнын бюджетинин тартыштыгы октябрь айында 404 млрд. долларга чейин өстү

АКШнын бюджетинин тартыштыгы октябрь айында 404 млрд. долларга чейин өстү

13.11.2026
Путин: Россия бюджетке мунайдын баасын баррелине 50 доллардан эсепке алат

Путин: Россия бюджетке мунайдын баасын баррелине 50 доллардан эсепке алат

18.09.2026
Россиянын 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги аскердик чыгымдары рекорддук чекке жетти

Россиянын 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги аскердик чыгымдары рекорддук чекке жетти

15.06.2026
1-апрелден тартып Кыргызстанда кимдердин маянасы көбөйөт?

1-апрелден тартып Кыргызстанда кимдердин маянасы көбөйөт?

27.03.2026
Fortune: АКШ өкмөтү “банкрот” болду

Fortune: АКШ өкмөтү “банкрот” болду

25.03.2026
Жалал-Абад облусунун аймагында “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун таасирдүү лидери кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун таасирдүү лидери кармалды

09.03.2026
Казакстан жол тармагына санарип технологияларды киргизүүдө

Казакстан жол тармагына санарип технологияларды киргизүүдө

12.12.2025
Манас шаары бүгүн. Сүрөт

Манас шаары бүгүн. Сүрөт

23.10.2025
Ошто 1,3 млрд сомго 380 орундуу оорукана курула башталды

Ошто 1,3 млрд сомго 380 орундуу оорукана курула башталды

20.10.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.