Бишкекте жаңы автобустар жол эрежесин бузгандарды каттайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, борбор калаада каттаган жаңы автобустардын ичине 4 фото жана видеофиксация камерасы орнотулган.
“Пилоттук долбоордо видеобайкоо камераларынан жазуулар жол эрежесин бузууларды аныктоо үчүн күн сайын иштелип чыгат, аныкталган тартип бузуулар (фото, видео материалдар) зарыл административдик чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББы боюнча ЖККББна жиберилет”, – деп айтылат маалыматта.
Мэриядан белгилешкендей, салондун ичинде 2 видеокөзөмөл камералары иштейт. Конфликттик кырдаалдар же башка укук бузуулар болгон учурда жазууну карап чыгууга болот.
“Авто сүйүүчүлөрдүн бардык эреже бузуулары (уруксат берилбеген жайларга токтотуу, ошондой эле коомдук транспорт үчүн токтоочу жайларда унаанын токтотулушу, кыймылдын каршы тилкесине чыгуу, белгилер) автобустарда камералар менен катталат жана администрациялык айып салуу менен протокол түзүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББы боюнча ЖККББна жөнөтүлөт”, – деп айтылат мэриянын эскертүүсүндө.
Белгилей кетсек, коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерде коомдук транспорттон башка автотранспорттордун кирүүсүнө тыюу салган тиешелүү жол белгилери орнотулган. Бөлүнгөн тилкенин бул участокторунда ИИББы боюнча ЖККББнын кызматкерлери тартип бузгандарды аныктап, административдик чара көрүү иштерин жүргүзүп жатышат.