2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзбекстанга 3,5 миллиондон ашык чет элдик турист келгенин өлкөнүн Туризм боюнча комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 13,3%га өскөн (415,6 миң адам). Туристтердин негизги бөлүгү Кыргызстандан келген – 1 миллиондон ашык адам.
Кийинки орундарда Тажикстан жана Казакстан – 1 млн жана 668,4 миң адам. Ушул эле мезгилде Өзбекстанга 364,5 миң орус, 67,2 миң түркмөн жана 51,9 миң түрк жараны келген.
Кошумчалай кетсек, алдыңкы 10го Кытай (28,7 миң адам), Индия (28,2 миң адам), Түштүк Корея (19,6 миң) жана Италия (17,7 миң) кирген.




















