Өзбекстандыктар үчүн Улуу Британиянын сезондук жумушчу программасынын алкагында орунду көбөйтүү боюнча келишимге жетишилди.
Лондондо Өзбекстандын Министрлер Кабинетине караштуу Миграция агенттигинин директору Бехзод Мусаев, Улуу Британиядагы Өзбекстандын өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Равшан Усманов жана Улуу Британиянын Эмгек камсыздоочулар ассоциациясынын (ALP) башкы директору Дэвид Камп жолугушту.
Жолугушуу маалында ALPнин башкы директору Дэвид Камп мындай деди:
«Биз Өзбекстандын Миграция агенттиги менен кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарып, өзбек жаштарын Англиянын ишканаларына жумушка орноштурууга даярбыз».
Жолугушуунун жыйынтыгында өзбекстандык жарандар үчүн Улуу Британиянын сезондук жумушчу программасы боюнча квоталарды көбөйтүү, сезондук операторлор менен жаңы келишимдерди түзүү, ошондой эле жарандарды коопсуз жана уюшкан түрдө жумушка орноштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Маалымат үчүн: ALP — бул Улуу Британиядагы Эмгек камсыздоочулар ассоциациясы, ал сезондук иштерде, тамак-аш, өнөр жай жана логистика тармактарында иштеген 300дөн ашык ири компанияны бириктирет.



















