Министрлик бул актыны эл аралык дипломатиялык укуктун негиздеринин жана принциптеринин өтө орой түрдө бузулушу деп атады.
1-апрелде кечинде Ирандын Дамасктагы консулдугуна авиациялык сокку жасалып, анын натыйжасында имарат толугу менен талкаланган.
Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча, 13төн кем эмес адам өлүп, алардын катарында ирандык жети аскер кеңешчилери, эки Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку даражалуу генералы жана алты сириялык бар.
Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги аба соккусун айыптады.
«Бир нече адамдын өлүмүнө алып келген, Дамасктагы (Сирия) ирандык дипломатиялык миссиянын аймагынын талкаланышына алып келген аба соккусун чечкиндүү түрдө айыптайбыз.
Чет мамлекеттердин дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрүнө кол салууну такыр кабыл алынгыс кырдаал жана эл аралык дипломатиялык укуктун негиздери менен принциптерин орой түрдө бузуу деп эсептейбиз», – деп айтылат маалыматта.
Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министрлиги да Ирандын Дамасктагы (Сирия) адамдардын өмүрү кыйылган жана жарадар болгон авиасоккусун чечкиндүү түрдө айыптай тургандыгын билдирди.
Бул тууралуу Тажикстан ТИМнин билдирүүсүндө айтылат.
“Мындай акцияларды эл аралык укуктун, атап айтканда Вена конвенциясынын бузулушу болуп саналган такыр кабыл алынгыс жана жол берилгис деп эсептейбиз”, – деп айтылат ведомствонун кыска билдирүүсүндө.
Израил аскер-аба күчтөрү 1-апрель күнү кечинде Дамасктын батышындагы Меззе кварталына сокку урган.
Натыйжада Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) эки генералы – Мохаммад Реза Захеди жана Мохаммад Хади Хаджи Рахими каза болгондугун Tasnim агенттиги билдирди. Генералдар «ыйык коргонуунун» (Тегеран 1980-1988-жылдардагы иран-ирак согушун ушинтип атайт) ардагерлери жана Ирандын Сириядагы улук аскер кеңешчилери болушкан.
Сириялык SANA агенттиги имарат толук талкаланып, анын ичинде болгондор баардыгы каза тапкандыгын маалымдады. Сирия жана Иран бул чабуул үчүн жоопкерчиликти Израилге койду. Иран ТИМи соккуну эл аралык конвенциянын бузулушу деп атап, өлкө ага жооп берүүгө укугу бар экендигин жана «агрессорду кантип жазалоо боюнча чечим кабыл аларын» билдирди.




















