5-июнда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы директору доктор Нгози Оконжо-Ивеаланы кабыл алды. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын ДСУга кируу боюнча көрүлгөн практикалык чаралары каралды.
Кыска мөөнөттүн ичинде Жумушчу топтун эки отуруму болуп, мүчө өлкөлөр менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы, айыл чарбасын колдоонун шарттары боюнча талкуулар башталганы, улуттук мыйзамдарды Уюмдун мыйзамдарына жана эрежелерине шайкеш келтирүү иштери уланып жатканы канааттануу менен баса белгиленди.
Ошондой эле жашыл экономиканы, электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана санариптик кызматтардын экспортун көбөйтүү боюнча кызматташууну түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Эл аралык сооданы жөнгө салуу маселелери боюнча өзбек эксперттеринин потенциалын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул контекстте Өзбекстанда ДСУнун колдоосу менен Соода саясаты жаатындагы компетенция борборун түзүү сунушталды.
Мамлекет башчысы ДСУнун башкы директоруна тегерек столго катышып, Өзбекстандын алдыңкы университеттеринин студенттери менен жолуккандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин ардактуу доктору наамын ыйгаруу менен куттуктады.
Жыйынтыгында Нгози Оконджо-Ивеала Өзбекстандын Уюмга кирүү аракетин колдоорун билдирди.
Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши боюнча жумушчу топ 1998-жылы эле түзүлгөн. Бирок ортодо анын иши токтоп калып, 2020-жылдын июль айында кайра жанданган.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 1998-жылы ноябрда постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп Дүйнөлүк соода уюмуна толук кандуу мүчөлүккө кирген.
Маалымат: Дүйнөлүк Соода Уюмун түзүүнүн максаты – бул уюмга мүчө бардык өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелерин либералдаштыруу болуп саналат. Учурда ДСУга 153 мүчө, анын башкы кеңсеси Женевада жайгашкан жана расмий тилдер англис, француз жана испан тилдери.
Дүйнөлүк соода уюмунун негизги милдети – бүт дүйнө жүзү боюнча соода жана соода-экономикалык мамилелердин бирдиктүү тутумун киргизүү. Бул тапшырма, Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлөрүнүн пикири боюнча, бир катар принциптер сакталганда гана ишке ашат.
Биринчи принцип – теңдик. Демек, каалаган өлкө башка өлкөлөр үчүн мындай соода шарттарын камсыздашы керек, ага эч кандай жолтоо болбойт. Эгерде бир өлкө соода позициясында артыкчылыкка ээ болсо, анда башка каалаган өлкө соода жаатында өзүнө ушундай эле артыкчылыктарды талап кылууга укуктуу жана андан баш тартууга укугу жок.
Экинчи принцип – бул өз ара мамиле. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жеңилдиктер өз ара болушу керек.
Үчүнчү принцип – ачыктык. Дүйнөлүк соода уюмуна катышкан ар бир өлкө башка өлкөлөргө өз чек араларында соода жүргүзүү эрежелери жөнүндө бардык маалыматтарды эркин берип турушу керек.



















