Жекшемби күнү каттуу жааган жамгырдан улам Анжиян облусунда сел жүоүр, анын кесепетинен Ходжаабад жана Жалалкудук райондорун байланыштырган көпүрө кулап түшкөн.
Йоришлок айылындагы көпүрөнүн пайдубалын сел жууп, негизги бөлүгү урап түшкөн.
Ходжаабад районунун акимиатынын маалыматына караганда, окуядан жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Маалым болгондой, окуя болгон жерге облустун жана эки райондун жетекчилигинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ барган.



















