Өзбекстанда жыл сайын март айында «Сууну үнөмдөө айлыгы» өткөрүлөт. Анын алкагында суу ресурстарына аяр мамиле кылуу маданиятын жайылтууга багытталган иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирди.
Ичүүчү суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу тууралуу жарлыкка ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып республикалык аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугу ичүүчү сууну үнөмдөө, ошондой эле суу менен камсыздоо ишканаларына маалыматты аралыктан өткөрүп берүүчү заманбап суу эсептегичтерин орнотуу көрсөткүчтөрү боюнча да бааланат.
Эгерде республикалык аткаруу бийлигинин органдары жана чарбалык бирикмелер мындай заманбап суу эсептегичтерин орнотпосо, алардын иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынат.
Мындан тышкары, 2027-жылдын 1-апрелинен тартып бюджеттик мекемелер үчүн республика боюнча ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына бирдиктүү тарифтер киргизилет.
Ошондой эле ичүүчү сууну өндүрүү жана жеткирүү процесстерин өзүнчө эсепке алуу системасы уюштурулат.
Буга чейин Казакстан менен Өзбекстан чек ара аркылуу өткөн суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча комиссия түзөрү маалымдалган.



















