Өзбекстанда коомдук иш-чараларда азык-түлүк, товарлар жана башка баалуулуктарды бекер таратууга жана арзан баада сатууга тыюу салынды, деп билдирет «Казинформ» кабарчысы.
Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча талаптарды күчөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык, тамак-аш, товарлар жана башка баалуулуктарды бекер таратуу же сатуу жолу менен жарандарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салынат.
Улуттук гвардияга жана Ички иштер министрлигине массалык иш-чаралардын уюштуруучулары жана объектилердин администрациялары тарабынан бул талаптын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле мыйзам бузуулар аныкталган учурда аларды административдик жоопкерчиликке тартуу тапшырылды.
Буга чейин 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ташкенттеги Ашхабад паркында 20 миң жумшак оюнчуктарды бекер таратуу акциясы жарыяланган. Бул көптөгөн көчөлөрдө 10 баллдык тыгындын пайда болушуна алып келип, 40 миңге жакын адам сейил бакка чогулуп, жарандар үчүн кооптуулук жараткан; Коомдук иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузган директор, анын орун басары жана парктын жарнама бөлүмүнүн башчысы 15 суткага камакка алынган.



















