Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

“Тарыхый эстеликсиз келечек жок. Биз Өзбекстандын Биринчи Президентинин эгемендүүлүккө ээ болуп, мамлекет куруудагы тарыхый эмгегин ыраазычылык менен эскеребиз… Анын туулган күнүн 30-январда белгилөө салтка айланган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ислам Каримов атындагы илимий-окуу мемориалдык комплексине Олий Мажлис палаталарынын мүчөлөрү, президенттик администрациянын жана өкмөттүн, коомчулуктун өкүлдөрү, илим жана маданият ишмерлери чогулушту.

Куран аяттары окулуп, дуба айтылды.

Анда Өзбекстандын биринчи президентинин эмгеги, ошондой эле адамдык сапаттары тууралуу сөз болду.

Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда туулуп, 2016-жылы 2-сентябрда дүйнө салган. Ал Өзбекстанды 30 жыл башкарган. Өзбекстан башчысы каза болгондон кийин сөөгү туулуп-өскөн Самарканд шаарына жерге берилген.



















